Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев Баткен шааындагы борбордук “Абу Бакр Сыддык” мечитинде шаардын жашоочулары менен жолугушуп, «Кошуна менен болгон мамиле» темасында баяндама айтты.
«Коңшу акысы динибиздеги абдан маанилүү маселелердин бири. Ислам дини кошуналар менен катташууну, аларга жакшы мамиле кылууну буюрат. Хадистерде Аллага жана Кыямат күнүнө ыйман келтирген адам кошунасын сыйласын деп айтылган», – деди Жоробай ажы Шергазиев.
КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы муну менен катар өз ара ынтымакты бекемдеп, момундардын бири-бирине болгон мамилени жакшыртуусу керектигин белгиледи.