Абдил-Азиз ажы Чыныбеков: «Маркумду акыркы сапарга узатуу – исламдагы чоң жоопкерчилик»

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Москва районун борбордук мечитинде эл менен жолугуп, «Маркумдун акыркы сапарга узатуу жана сөөгүн жайга коюдагы эрежелер» боюнча баян кылды.

Ал ислам дининдеги эң маанилүү милдеттердин бири – маркумду акыркы сапарга узатып, жерге коюу экенин айтып, бул дуба кылуу, урматтоо жана маркумдун акыреттеги абалы жеңилдетүү максатында аткарыларын белгилеп, Куран жана хадистерде бул маселеге өзгөчө көңүл бурулуп, маркумду узатуудагы адеп-ахлак жана эрежелер аныкталганын баса белгилеп, аят-хадистерге токтолду:

«Ар бир жандуу нерсе өлүмдү татат. Андан соң Бизге кайтып келесиңер» (Анкабут сүрөсү, 29:57).

«Кимдин акыркы сөзү «Лаа илааха иллаллах, Мухаммадур-расулуллах» болсо, ал Бейишке кирет» (Абу Дауд, 3116).

«Мүрзөлөрдү зыярат кылгыла, себеби бул силерге акыретти эсиңерге салат» (Муслим, 976).

«Маркумду акыркы сапарга узатуу – исламдагы чоң жоопкерчилик. Бул амалдар маркумга урмат көрсөтүү жана анын акыреттеги абалын жеңилдетүүгө багытталган. Мусулмандар маркумдун акыркы сапарын Куран жана сүннөттүн көрсөтмөлөрүнө ылайык аткаруу менен сооп табышат жана алардын сооптору маркумга да жетет. Демек, ар бир адам бул эрежелерди аткаруу менен маркумду урматтоо жана өз милдетин так аткарууга аракеттенүүсү керек», – деди өз кутбасында Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.