Бүгүн, 21-февраль күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев 40 үй-бүлөгө жардам баштыкчаларын таратты.
«Жергиликтүү элдин колдоосу менен Рамазан айына карата ар жума күнү кайрымдуулук иштерин өткөрүү адатын баштадык. Ар бир жаран колдон келишинче жардам берүүдө. Буйруса бул жакшылык үзгүлтүксүз улана берүүсүн кудайдан тилейбиз. Кайрымдуулук үчүн чогулган суммага ар бир айыл өкмөттөн аз камсыз болгон 2-3 үй-бүлөгө жардам баштыкчаларын таратып жатабыз», – деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.
Айта кетсек, ар бир жардам баштыкчасында 1500 сомго жакын суммада азык-түлүк камтылган.