Таласта «Адал» сертификатына болгон кызыгуу өсүүдө

Акыркы жылдары Кыргызстанда өндүрүш тармагында «Адал» сертификатына болгон кызыгуу байкаларлык түрдө өсүүдө. Айрыкча азык-түлүк, эт сыяктуу тамак-аш өнөр жайы жана коомдук тамактануу мекемелери арасында адал өндүрүшкө өтүүгө умтулгандар арбын. Бул тууралуу Талас облусунун мусулмандарынын казыятынын маалымат адиси Нуржан Мамакеев билдирди.

«Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан берилүүчү бул сертификат азыр көптөгөн ишкерлер үчүн маанилүү жана зарыл документке айланды. Ошолордун катарында Талас облусунда дагы адал өндүрүшүнө кызыкандар көбөйүүдө. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу Таластагы сыноо, сертификаттоо жана метрология борборунун мүдүрү Казакбай Жуманалиев жана Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев менен бирге “Талас даамы” өндүрүш ишканасынын адал сертификатын алуу боюнча атайын стандарттардан өтүү процесси менен таанышып, текшерүү жүргүзүп келди. Бул текшерүү адал азыктардын талаптарга шайкештигин жана шарияттын нормаларына ылайык келерин аныктоо максатында жүргүзүлдү», – деп билдирди ал.

Адал сертификатын Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (КМДБ) тарабынан берилет. Бул сертификатка ээ болуу үчүн ишкана шарияттын адал стандарттарына жооп берүүсү керек жана атайын аудиттен өтүшү зарыл.