Өзгөндө аз камсыз болгон 150 үй-бүлөгө жардам берилди

Кечээ, 8-апрель күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Үсөн Маматтурсун уулу райондогу аз камсыз болгон 150 үй-бүлөгө жардам берилгендигин  билдирди.

Аталган жардам азык-түлүк жана акчалай болуп, ар бир үй-бүлө үчүн 2500 сом сарпталды.

«Бул жылкы садака-фитрдин эсеби менен районубуздагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк камтылган баштыкчаларды тараттык. Жалпысынан 150 үй-бүлөгө жардам берилген болсо, алардын ичинен 100 үй-бүлөгө 2500 сомдук жардам баштыкчалары, ал эми 50 үй-бүлөгө 2500 сом акчалай жардам берилди. Абалына жараша айрымдарына 3000 сомдон берилгендер да болду. Албетте бул иш-чараны өткөрүүдө жалпы имамдарга ыраазычылык билдиребиз», – деди баш имам-хатиб Үсөн Маматтурсун уулу.

Аталган иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн акимдин орун басары Максатбек Ибраимов да катышып, бул жөрөлгө башкаларга да үлгү болушу керектигин билдирди.