Алимбек ажы Маматаминов: «Мечиттин тазалыгы, жүз таануучу камералар жана көчөт отургузуу акциясы боюнча активдүү иш алып баруу зарыл»

Кечээ, 8-апрель күнү Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов райондогу жалпы имамдарга жыйын өткөрүп, 2025-жылдагы аткарыла турчу иштер боюнча талкуулап, бир катар тапшырмаларды берди.

— Мечиттердин ички жана сырткы тазалыгына көңүл буруу;

— Мечиттерге видео байкоо камераларын, мүмкүнчүлүккө карап, жүз таануучу камералар орнотуу;

— Жашыл мурас программасына ылайык, казыят тарабынан жарыяланган көчөт отургузуу акциясына активдүү катышуу;

— Шам баяндарына көңүл буруу.

«Мечиттин тазалыгы, жүз таануучу камералар жана көчөт отургузуу акциясы боюнча активдүү иш алып баруу зарыл. Ошондой эле, шам баяндарына көңүл буруу керек. Бул маселелердин ар бирин аткарууда жоопкерчиликтүү болуу талап кылынат. Анткени мечиттердин тазалыгы боюнча атайын текшерүүлөр болуусу күтүлүүдө», – деди баш имам-хатиб Алимбек ажы Маматаминов.