Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө талапкер болуучулардын эсине

ЖАРЫЯ!

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VIII чакырылышынын мүчөлүгүнө талапкер болууга ниет кылган аалымдардын жана дин кызматкерлеринин эсине!

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VIII чакырылышынын мүчөлүгүнө талапкер катары катталуу үчүн коюлган талаптар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө кеңири түшүнүгү бар;
  2. Маатуридий акыйдасын жана Ханафий мазхабын терең билген жана карманган;
  3. Жогорку диний билимге ээ;
  4. Куран, тафсир, акыйда, хадис, фикх, араб грамматикасы жана башка Ислам негиздерин терең өздөштүргөн;
  5. Адеп-ахлагы бийик, адилеттүү, адамгерчиликтүү, такыба, гумандуу, чынчыл жана калыс;
  6. КМДБнын курамында 3 жылдан кем эмес мөөнөттө иштеген;
  7. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан кылмыш иши козголбогон жана соттолбогон;
  8. Саясий партиялар менен саясий кыймылдардын эч бирине мүчө болбогон;
  9. Уюштуруучулук жана жетекчилик жөндөмү бар;
  10. Мамлекеттик жана араб тилдерин ооз эки жана жазуу жүзүндө жакшы билген, 35 жаштан жогорку Кыргыз Республикасынын жараны Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна талапкер катары каттала алат.

Каттоого катышуу үчүн керектүү документтер:

  1. Талапкердин Каттоо жана аттестациялык комиссиясынын төрагасынын наамына жазган арызы (арыз документ тапшыруу учурунда даяр шаблонго жазылат);
  2. Кадрларды каттоо баракчасы 4 даана ¾ өлчөмүндө сүрөтү менен (тийиштүү анкета толтурулууга тийиш жана байланыш маалыматтары, жашаган жеринин дареги сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек);
  3. Паспортунун көчүрмөсү (ID карт);
  4. Резюме. (Устазынын аты-жөнү, илимий жетишкендиктери, иш тажрыйбасы жана алган сыйлыктарына басым жасалат);
  5. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  6. Мүнөздөмө (Аалымдар Кеңешинен, КМДБдан же облустук / шаардык Казыяттардан);
  7. Жогорку диний билимин тастыктоочу документеринин көчүрмөлөрү;
  8. Соттолбогондугу тууралуу аныктама каты.
-Документтер 2025-жылдын 9-апрелинен 18-апрелине чейин кабыл алынат.
— Каттоо ишемби, жекшемби күндөрүнөн сырткары, аптанын бардык күндөрү саат: 11:00 – 17:00 аралыгында Бишкек ш., Семашко көчөсү, 264/3 дарегинде КМДБнын / Муфтияттын имараты, 2-кабат, КМ Аалымдар Кеңешинин катчылык бөлмөсүндө жүргүзүлөт.