Учурда өлкө боюнча болочок ажыларга сабактар өтүлүүдө. Ажылык сапарына даярдыктардын алкагында бүгүн, 9-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров ордо калаадагы ыйык сапарга даярданып жаткан зыяратчыларга сабак өтүп, ажылык амалдары боюнча маалымат берди.
«Жалпыга маалым болгондой, бизге 6 миң гана квота келген. Сиздер 7 миллион калкыбыздын ичинен ажылыкка мүмкүнчүлүк алган бактылуу бир туугандарыбыздын катарындасыздар. Ажылыкка Алла Таала чакырган инсандар гана барат деп айтылат. Алланын чакырыгына баш коюп, байтуллага аттанып жаткан соң эң мыкты даярдык көрүңүздөр. Даярдык дегенде кээ бирлер ойлогондой, курут, бал сыяктуу жол азыктарды камдоо эмес, руханий даярдыкты назарга тутуудабыз. Ажылык амалдарын; фарздарын, ваажибдерин, сүннөт жана мустахабдарын жакшылап үйрөнүп, ибадаттарды аткаруу тартибин мыктылап өздөштүрүңүздөр. Ажылык боюнча ажы башчыңыздардан, ага кошумча биздин расмий имам-дамлалардан сурап-билип, терең маалыматка ээ болсоңуздар, машакаттуу сапарда пайдасы тиет», – деп билдирди Азирети Муфтий.
Сабакты ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын (УРШ) төрагасы, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев улантып, зыяраттын жалпы тартиби жана эрежелери боюнча маалымат берип, болочок ажылардын суроолоруна жооп берди.