Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда 2025-жылы ажылык зыяратына бара турган жарандар үчүн Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (КМДБ) Азирети Муфтийинин тапшырмасына ылайык атайын сабак өтүлдү. Сабак райондун борборундагы “Актайлак-Ата” борбордук мечитинде уюштурулуп, ага Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Талантбек ажы Жороев, КМДБнын мечиттер бөлүмүнүн башчысы Давран ажы Жунусалиев, КМДБнын өкүлү Ордобек ажы Оморбеков, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, ажылык иштери боюнча облус куратору Канатбек Мусурманкулов жана Базар-Коргон менен Ноокен райондорунан ажыга баруучу жарандар катышты.
Болочок ажыларга мусулман үчүн парз болгон ажылык зыяратынын мааниси, бул амалдын аткарылышындагы эрежелер жана тартиптер туурасында кеңири маалымат берилди. Эң негизгиси, ажылык сапарына чыгуудан мурун ниетти оңдоо, тооба кылуу, КМДБ тарабынан талап кылынган документтерди өз убагында жана толук тапшыруу, ошондой эле ажы башчылар менен тыгыз байланышта болуп, сабактарга дайыма катышуу зарылдыгы белгиленди. Болочок ажылар тарабынан берилген суроолорго аалымдар кенен жооп беришти.
Эске салсак, 2025-жылкы ажылык сапарына Жалал-Абад облусу боюнча 1085 жаран баруу мүмкүнчүлүгүн алышкан. Алардын ичинен Ноокен районунан 120, Базар-Коргон районунан 141 жаран катталган. Өлкө аймагында жүргүзүлүп жаткан мындай окутуулар Жалал-Абад облусунун башка район жана шаарларында да улантылмакчы.