Раззаков шаарында көчмө жыйын өтүп, маанилүү маселелер талкууланды

Баткен облусунун мусулмандарынын казыяты тарабынан Лейлек районунун Раззаков шаарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, мектеп директорлоруна, имамдарга, медицина кызматкерлерине жана башка муниципиалдык кызматкерлерге багытталган атайын көчмө жыйын уюштурду. Жыйынга дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү, Лейлек районунун акиминин орун басары Максатай Каримбердиева баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл аймактын жооптуу имамдары катышты.

Саамалыкта Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров эмдөө (приривка) маселесине кенен токтолуп өттү.

«Шарият боюнча арам делинген заттар прививканын курамына кошулбаса, анда эмдөө зыян эмес. Тескерисинче ислам дини оорунун алдын алууга жана ден соолукту сактоого үндөйт. Ага карабай кээ бир жарандарыбыз прививка алуудан баш тартып жаткан учурлар бар. Алар өздөрүнүн жеке түшүнүгү менен баш тартып жатышы мүмкүн. Бирок биз мусулман коомчулугуна жогоруда айткандай, арам делген заттар жок болсо алганы жакшы”.

Жыйында эмдөөдөн сырткары Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү жаңы мыйзам, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, тазалык иштери, никаб (паранжа) маселесинин шарияттык өкүмү, адам сатуунун кесепеттери жана күнөөлөрү ж.б. темаларда талкуу болуп, баяндамалар жасалды.

Ушул эле форматтагы көчмө жыйын эртең, 10-апрелде Сүлүктү шаарында да өтмөкчү.