Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасынын жана КМДБнын Референт жана жалпы бөлүмдүн 2025-жылдагы иш мерчеминин алкагында, аймактык казыяттардагы катчылардын ишмердүүлүгүн жогорулатуу максатында стажировкадан өткөрүү пландалган.
Аталган иштин алкагында облустук жана шаардык казыяттардын катчылары кезек менен стажировкадан өтүшүүдө. Стажировка учурунда төмөнкү багыттар боюнча окутуулар өткөрүлүүдө:
• Иш кагаздарын иреттүү алып баруу тартиби;
• Электрондук (инфадокс) кат алышууну өздөштүрүү;
• Каттарды туура даректерге ыкчам жеткирүү;
• Казыят ишмердүүлүгүн уюштуруу жана алдыга жылдыруу боюнча практикалык иштер.
Бул иш-чаралар аймактардагы катчылардын кесиптик билимин бекемдеп, казыят ишинин сапатын жогорулатууга багытталган.
Учурда Нарын жана Ош облусунун казыяттарынын катчылары стажировкадан өтүшүүдө.
Мындан тышкары, стажировкага келген катчылар КМДБнын бөлүмдөрү жана алардын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, тажрыйба алууда. Т.а. КМДБнын Фатва жана диний адабияттар бөлүмү, Cаll борбор, Диний билим берүү бөлүмү, муфтияттын студисы менен жеринен таанышып чыгышты.
Ошондой эле, жогорку окуу жайларынын студенттери да ушул мезгилде практика өтөп жатышат. Алар архивдик иштерди ирээтке келтирүү, иш кагаздардын стилин үйрөнүү жана компьютерде иштөө жөндөмүн өнүктүрүү багытында иш алып барууда.