УРШ: «Ажылардын формасы 100 пайыз даяр»

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров жана КМДБнын алдындагы 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын жетекчиси Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган штаб өкүлдөрү болочок ажылардын формаларын тигүүчү ЖЧК «Тайган Коллекшн» фирмасын зыярат кылышты.
Зыяраттын жүрүшүндө формалардын сапаты, бычымы, тигилиши жана өзгөчөлүгүнө көңүл бурулуп, жогорку баа берилди.
Азирети Муфтий зыяратчыларга кызмат кылып жаткан фирманын жетекчилигине жана тикмечилерге ыраазычылык билдирип, ыйык ажылыкка жана ажыларга кызмат кылуунун соопторуна токтолуп, ак батасын берди.
«Кудай буюрса, быйылкы формаларыбыз былтыркыдан да мыкты болуп даярдалып, 100 пайызга бүттү. Формада Кыргызстаныбызды тааныткан символикалар, түнкүсүн жарык чыгарган элементтер, ысыкка жана кондиционердин муздак аба агымына туруштук берер сапаттуу материал, телефон салууга ылайыкташкан чөнтөк болобу, көп жагынан артыкчылыктар бар», – деди УРШ башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев.