Ордо калаада КР Президентинин Жарлыктарын ишке ашыруу боюнча маалыматтык иш-чара уюштурулду

Бишкек шаарындагы Башкы «Имам Сарахсий» мечитинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы №303 «2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өркүндөтүү жөнүндөгү Улуттук программаны бекитүү тууралуу» жана 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ №369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу тууралуу Жарлыктарын ишке ашыруу боюнча маалыматтык иш-чара болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тиешелүү иш-чаралар планынын алкагында, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (КМДБ) менен биргеликте өткөрүлдү.
Жыйынга Бишкек шаарындагы мечиттердин имамдары жана диний окуу жайлардын жетекчилери катышып, аларга аталган Жарлыктардын мазмуну, максаттары жана улуттук наркты сактоодогу мааниси кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле, дин жана коом ортосундагы байланыш, руханий-адептик тарбия, үй-бүлөлүк баалуулуктар жана коомдук ынтымакты чыңдоонун мааниси талкууланды.
Бул иш-чара диний уюмдардын улуттук идеологияны бекемдөөгө кошкон салымын чыңдоого жана мамлекет менен диний коомчулуктун ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган маанилүү аянтча болду.