Нуридин ажы Мамасабиров Сүлүктү шаарынын мэри менен жолугушту

Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө шаар аймагындагы мечиттердин жана диний окуу жайлардын тазалыгы, жашылдандыруу иштери, ошондой эле дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер тууралуу мыйзамдарды мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлерге жеткирүү маселелери талкууланды.

Мындан сырткары, Президенттин ысырапкорчулукка байланышкан жарлыктары, шаардын мусулмандарына Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (КМДБ) тарабынан чыгарылган фатваларды кеңири түшүндүрүү жаатында да пикир алмашуу болду.

Облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров Сүлүктү шаардык мэриясы менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин белгилеп, биргеликте аткарыла турган иш-чаралар шаардын диний чөйрөсүн өнүктүрүүгө өбөлгө болорун билдирди.