Чүй облусунун Токмок шаарынын имамдарына багытталган жыйын өтүп, анда Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы №53 “Маркумду узатуу жана сѳѳгүн жайга коюу иши жѳнүндѳгү” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндөгү» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №67 “Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомун аткаруу маселелери талкууланды.
Аталган жыйынга облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков, Токмок шаарынын акими Русланбек Тагаев чакырылып, баяндама жасашты.
Токмок шаарынын баш имам-хатиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, жергиликтүү кеңештин төрагалары, айыл өкмөттөрдүн социалдык маселелер боюнча адистери, айыл башчылары жана айыл аймактын имамдары катышты.
Жыйында имамдар тарабынан суролор берилип, жооптор узатылды.