Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятынын жыйындар залында шаардык мечиттердин имамдарына жаңы кабыл алынган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү” мыйзамы боюнча түшүндүрүү сабагы өттү.
Сабакты Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын (ДИМК) Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев алып барып, мыйзамдын мазмуну, максаты жана колдонуу тартиби тууралуу кеңири маалымат берди. Ал акыркы күндөрү коомчулукта кызуу талкуу жараткан никаб жана сакал маселесине да токтолду.
Сабактын жүрүшүндө имамдар эл арасында айтылып жаткан пикирлерди, сунуштарды ортого салып, кызыгуу жараткан суроолоруна ДИМК өкүлүнөн жооп алышты.
Жыйындын соңунда облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков сүйлөп, Кыргызстандагы диний эркиндик коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу жогору экенин белгиледи.
«Бизде дин тутууга эркиндик бар. Бирок бул эркиндик мыйзам чегинде болушу керек. Тартип болгон жерде тынчтык болот. Ар кандай радикал агымдардын алдын алуу максатында бул мыйзам өз убагында кабыл алынды. Эми аны элге түшүндүрүүдө имамдар активдүү болушу керек», – деди облус казысы.
Иш-чара соңунда имамдар мыйзамдын максатын түшүнгөндүктөрүн билдиришип, мындай сабактар мындан ары да уюштурулуп турушу керек деген пикирлерин айтышты.