Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасына ылайык, өлкө аймагы боюнча 2025-жылдагы ажылык сапарына баруучу жарандар үчүн жер-жерлерде сабактар өтүлүүдө. Анын алкагында бүгүн, 11-апрель күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун борбордук «Достук» мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын кызматкери Равшан ажы Эратов ажылык амалдарын аткаруудагы тартиптер жана ажылардын өздөрүн алып жүрүү эрежеси боюнча баяндама жасады.
«Буга чейин ажылык боюнча тиешелүү иш кагаздарды даярдоо ж.б. маселелер менен болуп, бошобой калган болушуңуздар мүмкүн. Мына эми убакыт бар. Эң алгач жакшылап ниетти түздөө менен дубаларды жаттоого аракет кылыңыздар. Ошондой эле, мурун умра сапарына баргандарга эскертүү катары айта кетейин, ажылык менен умра сапарын салыштырууга болбойт. Ажылыктын парздарын толук аткаруу керек. Важибдери же башка амалдар аткарылбай калса, курмандык чалуу аркылуу кутулса болот. Бирок парздарынан бирөөсү эле калып кетсе, ажылык кабыл болбойт. Ошол себептен ар бир амалды аткарууда көңүл бурууга чакырабыз», – деди Равшан ажы Эратов.
Айта кетсек, Кара-Суу районунан 587 жаран катталып, 384 жаран ажылык сапарына барууга мүмкүндүк алган. Калган 203 жаран ажылык сапарына баруу үчүн кезекте турганын казыяттан маалымдашты.