Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун март, апрел жана май айларында ишембилик иш-чараларын өткөрүү боюнча берген тапшырмасына ылайык, Ош облустук казыяты облус аймагындагы жалпы дин кызматкерлери менен биргеликте масштабдуу ишембилик иш-чарасын өткөрүшүүдө.
«Облус аймагындагы миңден ашуун мечит имамдары жана 50гө чукул диний окуу жайлардын студенттери ишембилик иш-чарасына активдүү катышып, диний объектилердин айланасы, көчөлөрдүн жээктери жана айрым ДОЖдор тарабынан эс алуу бактары, коомдук жайлар да тазаланды. Тазалык иштеринде мусулман адам башкаларга үлгү болуусу керек. Таштанды тазалоого эмес, таштанды таштабоого аракет кылалы деп элге түшүндүрүү иштерин да жүргүзүп жатабыз», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.
Ошондой эле, облус боюнча көчөт отургузуу акциясы башталган. Анын алкагында, дин кызматкерлери тарабынан Кара-Сууда 721, Араванда 100, Алайда 220 жана Кара-Кулжа районунда болсо 400 көчөт отургузулду. Жакында Өзгөн, Ноокат жана Чоң-Алай районунун дин кызматкерлери да бул жашылдандыруу-көрктөндүрүү акциясына кошулмакчы.