Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров Сүлүктү шаарында район жана шаардын баш имам-хатибдеринен кварталдык отчёт алды. Жыйында алгач 2025-жылдын биринчи кварталында берилген буйруктар жана тапшырмалар боюнча баш имамдар маалымат беришти.
Облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров ар бир баш имам-хатибдин берген отчётун угуп, аткарылган иш-аракеттердин артыкчылыгын жана кемчилигин баса белгилеп, мечиттердин, айрыкча дааратканалардын тазалыгы, КМДБдан келген буйруктар, тапшырмалар, фатва жана мечит имамдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу талаптарын койду. Ошондой эле Ханафи мазхабын жана Матуриди акыйдасын туура жайылтуу тапшырмалары берилди.
Казыяттын үгүт, насаат жана мечиттер менен иштөө адиси Махмуд ажы Курбанов мечиттердин жана имамдардын базасын толуктоо боюнча бир катар маселелерди кенен талкуу менен түшүндүрүп өттү.
Кварталдык көчмө жыйында жогоруда айтылган тапшырма-буйруктардын аткарылышы жана хатибияттардын ишмердүүлүгү бааланып, жакшы деген баага Сүлүктү шаарынын хатибияты татыды.
Жыйындын максаты – диний кызматкерлердин ишин жакшыртуу, мечиттердин тазалыгын камсыздоо жана коомчулукка кызмат көрсөтүүнүн сапатын көтөрүү болуп саналат.