Талас облусунун Манас жана Айтматов районундарында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү” мыйзамы жана КМДБнын №5 фатва боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Манас районунун администрациясынын жыйындар залында өткөрүлгөн иш-чарага Манас районунун акиминин орун басары Азия Батырбекова, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Талас облусундагы өкүлү Темирлан Нурадилов, Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев, Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев, укук коргоо органдары жана имамдар, ошондой эле коомдук активисттер катышып, анда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү” мыйзамы, ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын №5 фатвасы тууралуу кеңири маалымат берилди.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү” мыйзамдын негизги жоболору, диний оъбекттерди каттоо тартиби, алардын укуктары жана милдеттери тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле, №5 фатванын мазмуну, коомдук турмушка тийгизген таасири боюнча түшүндүрмөлөр айтылды.
Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев өз сөзүндө имамдар коомчулук менен иш алып барууда фатваларды туура түшүндүрүүгө, диний ишмердүүлүктү жүргүзүү жана мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташууга чакырды.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар тарабынан суроо-жооп түрүндө пикир алмашуу уюштурулуп, ар кандай маселелер боюнча сунуштар ортого салынды. Ушул эле жыйын түштөн кийин Айтматов районунда уланып жыйынтыкталды. Бул сыяктуу жолугушуулар облустун башка райондорунда да уланары белгиленди.