Жарыя! Коопсуз жол кыймылы боюнча дин кызматкерлери арасында конкурс өтөт

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын курамындагы расмий дин кызматкерлери коопсуз жол кыймылын камсыздоо алкагында Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелери боюнча конкурска катышат.

Мындай чечим Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин КР ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жол кыймылынын эрежелерин сактоонун маанилүүлүгү тууралуу маселелер талкууланып, муфтияттын борбордук аппаратынын, казыяттардын, хатибияттардын кызматкерлери жана мечит имамдары арасында жол кыймылынын эрежелери боюнча билим деңгээлин жогорулатууга багытталган талкууда кабыл алынган.

Жарышка казыяттар жана хатибияттар катышып, өз күчтөрүн сынашмакчы.

Конкурсту өткөрүү шарттары:

1) Конкурс бардык аймактарда бир убакта онлайн форматта смартфондор аркылуу өткөрүлөт.

2) Ар бир түзүм (райондук хатибияттар жана муфтият/казыяттар аппараттары) конкурска өзүнчө топ катары катышат.

3) Конкурс райондук хатибияттар ортосунда өзүнчө жана муфтият/казыяттар аппараттарынын ортосунда өзүнчө уюштурулат.

4) Топтордун жыйынтык көрсөткүчтөрү эки негизги критерийге жараша эсептелет; катышкандардын жалпы кызматкерлердин санына салыштырмалуу үлүшү жана катышуучулардын билим деңгээли (тесттен алган упайлар).

Айта кетсек, ислам шариятында адам өмүрү абдан жогору баалангандыктан, жол эрежелерине баш ийүү талап кылынат. Бүгүнкү күндө өкүнүчкө карай, жол кыймылынын эрежелери сакталбагандыктан, үрөй учурган унаа жол кырсыктары катталып турат.

Улуттук статистика комитети Кыргызстандын кайсы аймагында жол кырсыгы көп болорун, республиканын жолдорундагы унаалар ар 1,5 саатта кагышып турат.

Муфтият авто-жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте «Адам жаны аманат» акцияларын уюштуруп келет.