Чүй: «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү» мыйзамын түшүндүрүү иштери кызуу жүрүүдө

Чүй облусунун Сокулук жана Аламудүн районунун имамдарына багытталган жыйын өтүп, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндөгү» Жарлыгын, Кыргыз  Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №67 “Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомун жанаКыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын №5 фатвасын түшүндүрүү жана аткаруу маселелери талкууланды.

Аталган жыйынга облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштер жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин өкүлү Замирбек Өмүрзак уулу жана Чүй ОИИББнын өкүлү жогорудагы темаларга тиешелүү баяндама жасашты.

Сокулук районунун жана Аламүдүн райондорунун имамдары аталган жыйынга активдүү катышып, суроо-жооп менен коштолду.