Жалпы ажы башчыларга жыйын өткөрүлүп, нускамалар берилди

Бүгүн, 16-апрель күнү Башкы «Имам Сарахсий» мечитинде өлкө боюнча ажылыкка аттанып жаткан зыяратчыларды коштоп баруучу ажы башчыларга чогулуш өткөрүлдү. Жыйынды ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын (УРШ) төрагасы, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев өтүп, ажылык сапарындагы талаптар, САП тарабынан киргизилген эрежелер жана тиешелүү мыйзамдар, Мекке-Мединадагы кызматтар, ажылык күндөрү жана ыйык жайлардагы тейлөө, рейстер жана слоттор боюнча жалпы маалымат айтып, нускамаларды берди.

«Ажылык исламдын соңку жана татаал шарты. Мусулман бир туугандарыбыз ак дил менен Алла Тааланын чакырыгына баш уруп, зыяратка аттанып жаткандыктан, аларга эң жакшы жана шарият талабындагыдай кызмат кылып, коштоп жүрөлү. Алла Тааланын коноктору болгон ажыларга жакшы кызмат кылбай коюудан сактаналы», – деп билдирди ал.

Жыйын суроо-жооп менен жыйынтыкталды.