Кечээ, 15-апрель күнү Чүй облусуна карашту Панфилов, Жайыл, Москва жана Сокулук райондорунан ажылык сапарына баруучу ажыларга Чүй облусунунун Москва районунун Александровка айылындагы «Имам Аьзам» мечитинде ажылык амалдары боюнча сабак уюштурулду. Сабакта Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын кызматкери Рафаель ажы Татиков жана Чүй облустук казыятынын ажылык иштери боюнча куратору Азатбек Абытов баяндама жасашты.
Болочок ажыларга ажылык амалдарын, өкүмдөрү, эрежелери жана ихрам абалында этият болуу керектиги тууралуу толук маалыматтар берилип, ага кошумча ажылык учурунда Сауд Арабиясынын тиешелүү мыйзамдарын, штаб тарабынан берилген тапшырмалар жана ажы башчыларга баш ийүү жөнүндө эскертилди.
Айта кетсек, аталган сабактар Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасы менен өлкө боюнча жүргүзүлүп жатат.