Өлкөдөгү бардык мечиттерде шам баяны уланууда

Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта бардык мечиттерде шам баяны айтылууда. Кыргызстандагы мусулман коомчулугунун диний сабаттуулугун жогорулатуу, калктын руханий тарбиясын күчөтүү жана мечит имамдарынын агартуучулук ролун бекемдөө максатында уюштурулуп жаткан шам баяндарынын көлөмү 10-15 минутага чейин болуп, мечиттин имамы же орун басары тарабынан баяндамалар жасалууда.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы өлкө аймагындагы мечиттерде жарандардын диний түшүнүгүн кеңейтүү, ыйманын бекемдөө жана адеп-ахлактык баалуулуктарды чыңдоо максатында күн сайын шам баяндарын уюштуруну колго алган. Шам баяндарынын өтүлүшү коомдун руханий өнүгүүсүнө салым кошуп, эл арасында ынтымакты, биримдикти жана руханий жактан сергектикти чыңдоону көздөйт.

Шам баяндарынын негизги максаты – ислам дининин негизги ибадаттарын, анын ичинде намаз, орозо, зекет жана ажылык сыяктуу парздарды тереңден үйрөтүү, жаштарга туура багыт берүү жана коомдогу терскөрүнүштөрдүн алдын алуу. Ошондой эле баяндарда ата-энени урматтоо, мекенди сүйүү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана адеп-ахлактык маселелер боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилет.

Шам баяндары өлкөнүн бардык мечиттеринде күн сайын жергиликтүү имамдар тарабынан өткөрүлүп, жарандарга пайдалуу кеңештер берилет. Бул саамалык коомчулуктун руханий өнүгүүсүнө, адамдардын бири-бирине болгон урмат-сыйын күчөтүүгө жана адеп-ахлактык баалуулуктарды жайылтууга багытталган.

Ыйман – жүрөктө, адеп – жүрүм-турумда, биримдик –коомдо болсо, мамлекетибизде өнүгүү болот! Андыктан урматтуу мусулман бир туугандар! Сиздер үчүн уюштурулуп жаткан шам баяндарына катышып, 2 дүйнөгө пайда алып кетиңиздер!