Азирети Муфтийдин тапшырмасынын негизинде КМДБга караштуу диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө максатында Муфтияттын диний билим берүү бөлүмү Чүй облусундагы убактылуу иштебей турган медреселерден кабар алып, жеринен текшерип, окуу жайлардын иш кагаздары жана шарттары менен таанышуу максатында ДОЖдорду кыдырууда.
Учурда жалпы Чүй облусунда 43 диний окуу жай болсо, анын ичинен убактылуу ишмердүүлүгү токтоп турган 11 медресе бар. Алар ар кандай себептер менен убактылуу иштебей турат. Алардын окутуу жүргүзүү үчүн шарттарын, иш кагаздарын жана жооптуу жетекчилеринин документтерин текшерип, окуу жайды тийиштүү стандарттарга ылайык иштетүү тапшырмалары берилип, диний билим берүүчү мекемени кароосуз калтырбастан иш алып баруу боюнча эскертүүлөр берилип жатат.
Күтүүсүз жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында окуу жайдын абалына жараша баа берилип, талапка жооп бербеген окуу жайлардын ишмердүүлүгү каралмакчы.
Айта кетсек, муфтияттын окуу бөлүмү тарабынан ишмердиги токтоп турган «Мухаммад аль-Амин», «Имам Азам», «Фатик», «Мадина», «Жаркынбай ажы» жана «Чахокадым» медреселери текшерилди.