Өзгөндө дин кызматкерлери тарабынан 513 көчөт отургузулду

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Үсөн Маматтурсун уулу райондогу жалпы имамдар менен биргеликте көчөт отургузуу акциясын өткөрүүдө. Бул тууралуу аймактык казыяттан билдиришти.

Көчөт отургузуу акциясы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы менен макулдашылып, муниципалдык жерлерге отургузулду. Алсак, Куршаб айыл өкмөтүндөгү Бектемиров атындагы мектепке жана Өзгөн шаарындагы Навои мектебине 40 даана, Ч. Айтматов мектебине 50 даана, Ленин мектебине 75 даана жана «Ай шооласы» балдар бакчасына 20 даана. Ал эми Мырзаке айыл өкмөтүндөгү М. Разаков атындагы балдар жатак мектебине, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн Акжар айылындагы М. Кулуев мектебине, Кызыл Октябрь айыл өкмөтүндөгү О. Жакыпов атындагы орто мектебине, Жазы айыл өкмөтүндөгү Жээренчи айылы менен Кара-Дыйкан айылынын жээгине жаңгак көчөттөрү отургузулду. Ошондой эле Ийри-Суу айыл өкмөтүндөгү 26 гектар жер тилкесине 100 түп жаңгак көчөттөрү эгилди.

«Биздин райондогу дин кызматкерлери көчөт отургузуу акциясын кызуу колдоп, ар бир айыл өкмөттөгү муниципалдык жер тилкелерине түрдүү сорттогу көчөттөрдү отургузуу менен өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү. Албетте көчөт отургузуу акциясы облус боюнча жүрүп жатат. Ал эми биздин район боюнча жалпы эсептегенде 513 көчөт отургузулду», – деди баш имам-хатиб Үсөн Маматтурсун уулу.