Ноокен районундагы борбордук жума мечитинин чатыры сырдалды

Ноокен райондук хатибиятынын демилгеси жана жергиликтүү жамааттын колдоосу менен райондун борборунда жайгашкан “Нур” борбордук жума мечитинин чатыры сырдалып, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Бул иштерге жалпысынан 260 миң сом каражат жумшалып, каражат толугу менен жергиликтүү тургундар тарабынан топтолду.

Маалыматка ылайык, бул мечит 1991-жылы элдик ашар жолу менен курулган. Ал эми 2009-жылы Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн каржылык колдоосу менен кайрадан жаңыланып, пайдаланууга берилген.