Жалал-Абадда баш имам-хатибдердин катышуусунда көчмө жыйын өттү

Үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы мамлекеттик администрациянын кичи жыйындар залында облустук казыят тарабынан көчмө жыйын уюштурулду. Жыйынга облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков, райондордун баш имам-хатибдери жана казыяттын тиешелүү кызматкерлери катышты.

Облус казысы өз сөзүндө Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги тарабынан коюлган жаңы талаптарды тааныштырып, дин кызматкерлеринин иш ыргагы жанданып, иш кагаздары так жана мыйзамга ылайык жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи. Ошондой эле “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамды ар бир дин кызматкери жакшылап үйрөнүп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын эскертти.

Жыйындын алкагында 2025-жылдын 1-кварталы боюнча баш имам-хатибдердин аткарган иштери боюнча отчёттору угулду. Тогуз-Торо районунун баш имам-хатиби онлайн катышса, калган баш имам-хатибдер атайын даярдалган слайддар аркылуу өз отчётторун сунушташты. Казыят кызматкерлери тиешелүү багыттар боюнча суроолорду берип, жооптор алынды.

Жыйын соңунда кварталдык отчёттор кабыл алынып, баш имам-хатибдердин жетишкендиктери менен катар айрым кемчиликтери да айтылып, сунуштар берилди. Ошондой эле алдыда болуучу жарым жылдык отчётко олуттуу даярдык көрүү тапшырмасы берилди.