Самаган ажы Мырзаибраимов “Муаз ибн Жабал” медресесинин жаңы курулуп жаткан имараты менен таанышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында “Муаз ибн Жабал” медресесинин балдар бөлүмү үчүн курулуп жаткан жаңы имарат менен таанышып чыкты.

Медресенин мүдүрү Султанмурат ажы Исираевдин айтымында, учурда курулуп жаткан имарат 4 кабаттан туруп, 200 окуучуга ылайыкталган. Окуу жайдын короосунда футбол, волейбол жана башка спорттук оюндарга ылайыкталган аянтчалар, унаа токтотуучу жайлар да каралган. Ошондой эле алыстан келген коноктор жана устаздар үчүн бардык шарттары менен камсыздалган 5 батир да имараттын ичинде жайгашмакчы.

Самаган ажы Мырзаибраимов курулуш иштерине өз салымын кошкон жарандарга ыраазычылык билдирип, бул медреседе тарбиялана турган балдар ислам динине жана Кыргызстандын келечегине кызмат кылуучу ыймандуу муун болуп өсөт деген ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, аталган курулушка Кыргызстан Ислам университетинин ректору, белгилүү аалым жана Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдүшүкүр ажы Нарматовдун салымы чоң. Жаңы имарат ушул жылдын жай айларында пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.