Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылындагы “Абдухалик” мечитинде жаш өспүрүмдөр үчүн маанилүү руханий иш-чара болуп өттү. Тактап айтканда, “Куран – жан дүйнөнүн азыгы” аталышында Куран конкурсу өтүп, бул жарышка айылдын 30дан ашуун жаштары намаз сүрөлөрүн жатка айтуу боюнча күч сынашышты.
Бул саамалыкты айылдын имамы демилгелеп, иш-чараны өткөрүүгө жергиликтүү ишкерлер чоң салым кошушту. Жарышка Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби Бакытбек ажы Тунгатаров катышып, уюштуруучуларга жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, мындай жарыштар өспүрүмдөрдү руханий тарбиялоодо мааниси чоң аракет болуп саналат.
“Бул иш-чара жаштардын Куранга болгон кызыгуусун арттырып, алардын жүрөгүнө ыйман нурун себет. Мындай жакшы демилгелер үзгүлтүксүз улантылат,” – деди Бакытбек ажы Тунгатаров.
Жарыш жыйынтыгында эң мыкты деп табылган катышуучу велосипед менен сыйланса, экинчи жана үчүнчү орунду ээлеген балдар акчалай байгеге ээ болушту. Калган катышуучуларга да кызыктыруучу белектер тапшырылды.