Ала-букалык тургун атасынын арбагына багыштап көпүрө курду

Ала-Бука районуна караштуу Айры-Там айылынын тургуну Талантбек Жумабаев атасынын арбагына багыштап аш берүүнүн ордуна эки айылдын тургундарын байланыштырган зор сооптуу ишке барды, тагыраагы ал жергиликтүү эки айылдын ортосуна көпүрө салып берди. Ал атасы Мамадалы ажы Жумабаевдин ѳмүрүн эскерип, анын арбагына дуба багыштоо максатында уулу жалпы 400 миң сом сарптап, көпүрөнү өз эсебинен куруп элге пайдаланууга тапшырды. Бул иш-аракетке айыл эли терең ыраазычылык билдирип, ак баталарын беришти.

Көпүрө Айры-Там менен кошуна айылдын ортосундагы байланыштын негизги жолун түзөт. Буга чейин жамгыр жааганда же суу көбөйгөн учурда жашоочулар өтө албай, айрыкча жаш балдар менен кары-картаңдар кыйналышчу. Эми болсо көпүрө алардын коопсуздугун жана күнүмдүк тиричилигиндеги ыңгайлуулукту камсыздайт.

Бул гана эмес, Талантбек Жумабаевдин демилгеси менен көпүрө ачылышына арналып Куран жарышы да уюштурулду. Жарышка айыл ичинен жана тегеректеги айылдардан жаш өспүрүмдөр катышып, Курандын сүрөлөрүн жатка айтуу боюнча таймашып, акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

Айыл аксакалдары тарабынан мындай кайрымдуулук жана узак мөөнөттүү сооп иш коомдо чыныгы ыйманды жана атага болгон урматты даңазалап, жаш муундарга үлгү болору айтылды.