
2019-жылдагы Курман айт намазы 11-августта Бишкек шаарынын эски аянтында окулат. Айт намаз күнү дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылмакчы.
Айт намаздын программасы төмөнкүчө:
| 06:15 — 07:15
 
 
  | 
Аалымдардын  шарият боюнча насыйкаттары:
 Билал ажы Сайпиев “ Курбандык чалуунун жол жоболору ” Аким ажы Эргешов “ Айттын адамдар ортосундагы карым катнашка кошкон салымы” Жоробай ажы Шергазыев “ Исламда кулк мүнөздүн орду”  | 
| 07:15 — 07:35 | Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев “Диний баалуулуктар, Курман айт пазилети” жана куттуктоосу; | 
| 07:35 — 07:45 | КР Президенттин Аппаратынын жетекчиси Эсеналиев Досалы Акпаралиевич Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун куттуктоо сөзүн окуусу;
 КР Жогорку кеңештин төрагасы Джумабеков Дастанбек Артисбековичтин куттуктоо сөзү; Бишкек шаарынын мэри Суракматов Азиз Эмильбековичтин куттуктоо сөзү.  | 
| 07:45 | Айт намазы | 
				


